Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаш балдарга (көбүнчө эркек балдарга) карата тилдөө, каргап-шилөө маанисинде колдонулат. Бооруңа келгир! Тайманбай айтышып турганын кара, анык тайбас болот окшойсуң! («Ала-Тоо»). В.: Бооруңа чечек чыккыр! Тышка кулак түргөн Татыке алкына кетти: – Бооруңа чечек чыккан өлүкканаңды көрөйүн ээ! (өмүрбаев). Бооруңа чок түшкүр! – Ушу сенин ошоякка бооруң тартып жүрөт окшойт. О, бооруңа чок түшкүр! (Медетов).